МИКРОТИЛКЕЛҮҮ АНТЕННАНЫН ТӨШӨМҮНҮН ЭФФЕКТИВДҮҮ ЭЛЕКТРОМАГНИТТИК ПАРАМЕТРЛЕРИНЕ СПИРАЛДЫК КИРАЛДЫК РЕЗОНАТОРЛОРДУН ГЕОМЕТРИЯЛЫК ПАРАМЕТРЛЕРИНИН ТААСИРИН ТЕОРИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Авторлор

  • А.У. Касимова Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту, Бишкек, Кыргызстан

##semicolon##

микротилкелүү антенна##common.commaListSeparator## киралдык төшөм##common.commaListSeparator## спиралдык киралдык резонатор##common.commaListSeparator## метаматериалдар##common.commaListSeparator## эффективдүү диэлектрдик өтүмдүүлүк##common.commaListSeparator## эффективдүү магниттик өтүмдүүлүк##common.commaListSeparator## киралдуулук коэффициенти##common.commaListSeparator## резонанстык жыштык##common.commaListSeparator## Лоренц модели##common.commaListSeparator## оң жана сол айланма поляризацияланган толкундар

Аннотация

Бул иште спиралдык киралдык резонаторлордун геометриялык параметрлеринин микротилкелүү антеннанын төшөмүнүн эффективдүү электромагниттик жана дисперсиялык мүнөздөмөлөрүнө тийгизген таасири аналитикалык изилденди. Киралдык кошулма катары микроскопиялык термелүү контурун түзгөн спиралдык резонатор каралды. Оромдун радиусунун, оролуу кадамынын жана оромдордун санынын резонатордун индуктивдүүлүгүнө, оромдор аралык сыйымдуулугуна жана өздүк резонанстык жыштыгына тийгизген таасири ырааттуу талданды. Алынган көз карандылыктардын негизинде Лоренцтин электрондук дисперсия моделин колдонуу менен жасалма чөйрөнүн эффективдүү диэлектрдик өтүмдүүлүгү, магниттик өтүмдүүлүгү жана киралдуулук коэффициенти эсептелди. Спиралдык резонаторлордун ар кандай геометриялык конфигурациялары үчүн эффективдүү электромагниттик параметрлердин жыштыкка көз карандылыгы изилденди. Эсептелген эффективдүү параметрлердин негизинде киралдык чөйрөдө толкундардын таралуу мүнөздөмөлөрү талданды. Менчик модалар (LCP жана RCP толкундары) үчүн сынуу көрсөткүчтөрү, таралуу коэффициенттери, фазалык ылдамдыктар жана кош сынуу эффектиси эсептелди.

Спиралдык резонатордун геометриялык параметрлеринин өзгөрүшү анын өздүк резонанстык жыштыгынын жылышына жана андан кийинки киралдык чөйрөнүн эффективдүү параметрлеринин өзгөрүшүнө алып келери, бул төшөмдөгү электромагниттик толкундардын таралуу өзгөчөлүктөрүнө таасир этери көрсөтүлдү. Алынган натыйжалар берилген электродинамикалык мүнөздөмөлөргө ээ микротилкелүү антенналардын киралдык төшөмдөрүн долбоорлоодо колдонулушу мүмкүн.

##submission.citations##

1. Касимова А.У. Интеграция киральных структур и метаматериалов в микрополосковых антеннах: обзор современных решений и перспектив // Проблемы автоматики и управления. 2025. № 2(53). С. 88-99.

2. Фисанов, В. В. О материальных параметрах и инвариантах изотропной киральной среды / В. В. Фисанов // Доклады Томского государственного университета систем управления и радиоэлектроники. - 2011. - № 2 (24), ч. 1. - С. 193–196.

3. Шевченко В.В. Киральные электромагнитные объекты и среды // Соровский образовательный журнал. - 1998. - № 2. - с. 109-114.

4. Слюсар В. Метаматериалы в антенной технике: основные принципы и результаты // Первая миля. 2010. № 3-4. С. 44-60.

5. Авдюшин А.С., Власов М.Ю., Пастернак Ю.Г. Применение метаматериалов в антенной технике // Вестник ВГТУ. 2013. Т. 9. Вып. 3-1. C. 132-135.

6. Electromagnetic Waves in Chiral and Bi-Isotropic Media / I. V. Lindell, A. H. Sihvola, S. A. Tretyakov, A. J. Viitanen. - Boston : Artech House, 1994. - 332 p.

7. Tretyakov, S. A. Analytical Modeling in Applied Electromagnetics / S. A. Tretyakov. - Boston : Artech House, 2003. - 282 p.

8. Электрофизика и электродинамика метаматериалов / А.Н. Лагарьков [и др.] // ТВТ. 2010. № 48:6. С. 1031-1048.

9. Анализ микрополосковой антенны на киральной подложке с учетом пространственной дисперсии / Д.С. Клюев [и др.] // Успехи современной радиоэлектроники. 2015. № 11. С. 67-72.

10. Клюев Дмитрий Сергеевич, Нещерет Анатолий Михайлович, Сингулярное интегральное уравнение для расчета микрополоскового вибратора, расположенного на киральной подложке // Евразийский Союз Ученых. 2015. №5-7 (14).

11. Kim K., Varadan V.V. Millimeter wave dualband microstrip antennas with metamaterial substrates using the LTCC process // Proceedings of Metamaterials. 2007. Rome. P. 22-24.

##submission.downloads##

Жарыяланды

2026-09-07

Чыгарылыш

бөлүм

ТЕХНИЧЕСКИЕ СРЕДСТВА СИСТЕМ КОНТРОЛЯ, ДИАГНОСТИКИ И УПРАВЛЕНИЯ

##category.category##