Правила оформления публикаций в научно-техническом журнале "ПРОБЛЕМЫ АВТОМАТИКИ И УПРАВЛЕНИЯ"

Тиркеме № 1
«АВТОМАТИКА ЖАНА БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ»
илимий-техникалык журналына жарыяларды тариздөө эрежелери

Макаланын аталышы, авторлордун фамилиялары, аннотациясы жана АЧКЫЧ СӨЗДӨРҮ автор тарабынан орус тилинде (макаланын башында) жана англис тилинде (өзүнчө файл түрүндө) электрондук форматта жана басылып чыгарылган түрүндө берилет.

Макаланын тексти ак түстөгү А4 форматындагы (210 × 297 мм) кагаздын бир бетине гана, струйный же лазердик принтерде, 1 сап аралык менен терилиши керек, сөздөрдү ташуу – автоматтык түрдө.

Чектер: жогору жана ылдый – 25 мм, сол жана оң – 25 мм (иш талаасы 160 × 247 мм). Абзацтык жылыш – 10 мм.

Авторлордун фамилиялары, АТАЛЫШ, аннотация жана АЧКЫЧ СӨЗДӨР 20 мм жылыш менен басылат. Бул элементтердин ортосундагы аралык – 1 кошумча сап.

Текстти терүү Microsoft Word тексттик редакторунда жүргүзүлөт. Колдонулуучу шрифттер: Times Roman Cyr, Symbol жана атайын математикалык белгилер. Шрифт өлчөмдөрү:

  • АТАЛЫШ – баш тамгалар менен, коюу (bold) шрифтте, 14 pt, сөз ташуусуз;

  • негизги текст жана АЧКЫЧ СӨЗДӨР – 12 pt;

  • аннотация – 10 pt;

  • формулалар – 12 pt.

Формулалар тексттин ортосуна жайгаштырылат, формулалардын номерлери тексттин оң четине тегизделет.

Таблицалар жана сүрөттөр макаланын текстине түздөн-түз киргизилиши керек, ксерокөчүрмөлөрдү колдонууга жол берилбейт. Таблицалар жана сүрөттөр аталышына жана номерине ээ болушу зарыл. Таблицанын аталышы анын үстүнө, сүрөттүн аталышы астына жайгаштырылат.

Адабияттарга шилтемелер келтирилген тартиби боюнча ирети менен номерленет жана тик бурчтуу кашааларга алынат.

Авторлордун фамилиялары, илимий даражасы, иштеген жери жана Адабияттар тизмеси курсив менен, 12 pt өлчөмүндө басылат.

Макаланын акыркы бетинде текст кеминде 75% көлөмдө жайгаштырылышы керек.

Макаланын көлөмү кеминде 5 беттен турушу зарыл.

Макаланын түзүмдүк элементтери:

  • АТАЛЫШ,

  • аннотация,

  • АЧКЫЧ СӨЗДӨР,

  • киришүү,

  • маселенин же тапшырманын коюлушу,

  • тема боюнча зарыл болгон теория,

  • сунушталган чечим жана анын теориялык негиздемеси,

  • практикалык изилдөө жана жыйынтыктар,

  • корутунду,

  • ыраазычылык билдирүүлөр,

  • адабияттар тизмеси.

Милдеттүү түзүмдүк элементтер коюу шрифт менен белгиленет. Калган түзүмдүк элементтер автордун каалоосу боюнча макалага киргизилет.

Макаланын материалдарына Эксперттик корутунду жана ИМАГдын кызматкери болбогон, тиешелүү илим тармагында иштеген илимий даражасы бар адистин рецензиясы тиркелиши керек.

Бул талаптардан четтөөлөр менен таризделген макалалар кабыл алынбайт.