Порядок рецензирования

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК «АВТОМАТИКА ЖАНА БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ» ЖУРНАЛЫНДА
ЖАРЫЯЛАНУУЧУ МАКАЛАЛАРДЫ РЕЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ

  1. Журналдын редакциясына келип түшкөн бардык макалалар милдеттүү түрдө ички көз карандысыз рецензиялоодон өткөрүлөт.

  2. Рецензиялоонун максаты – жарыялоо үчүн автордук кол жазмаларды катуу тандоого көмөк көрсөтүү.

    Рецензиялоонун милдеттери:

    • макалада берилген материалдын журналдын тематикалык профилине шайкештигин аныктоо;

    • макаланын мазмунунун актуалдуулугун жана анын илим менен техниканын заманбап жетишкендиктерине шайкештигин баалоо;

    • алынган изилдөө жыйынтыктарынын илимий жаңычылдыгын жана оригиналдуулугун баалоо;

    • макаланы тариздөөгө коюлган талаптардын аткарылышын текшерүү: көлөмү жана түзүмү талаптарга шайкеш келиши, кыргыз, орус жана англис тилдеринде аннотациялар менен ачкыч сөздөрдүн болушу, адабияттар тизмесинин жана тексттеги шилтемелердин туура таризделиши, таблицалардын жана иллюстрациялардын сапаттуу жасалгасы, ошондой эле авторлор тууралуу байланыш маалыматтарынын болушу;

    • материалдын илимий жана адабий баяндоо стилине баа берүү;

    • макала боюнча негизделген жалпы корутундуларды, эскертүүлөрдү жана зарыл болгон учурда аны жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү.

  3. «Жарыялоолорду тариздөө эрежелерине» (№ 1 тиркеме) ылайык даярдалган илимий макалалар журналдын редакциясына жооптуу катчыга келип түшөт, анда каттоодон өтүп, тематикалык багыты боюнча бөлүштүрүлүп, ички рецензиялоого жөнөтүлөт.

  4. Ички рецензиялоо үчүн кызматкерлердин жана аспиранттардын макалалары тиешелүү илимий багыт боюнча адистешкен, башкы редактордун буйругу менен бекитилген жогорку квалификациялуу эксперттерге тапшырылат.

  5. Кол жазмаларды рецензиялоо үчүн «Автоматика жана башкаруу маселелери» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөлөрү, ошондой эле тиешелүү илимий багыт боюнча терең кесиптик билими жана иш тажрыйбасы бар башка уюмдардын жана мекемелердин алдыңкы окумуштуулары менен адистери тартылышы мүмкүн.

  6. Редакциялык коллегиянын мүчөсү болуп эсептелбеген рецензенттер рецензиялоого акысыз негизде тартылат.

  7. Жарыялоо үчүн арналган материалдарды кароо жана талкуулоону уюштуруу журналдын жооптуу катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.

  8. Башка уюмдардан келип түшкөн илимий макалалар да ушуга окшош экспертизадан өткөрүлөт жана тышкы рецензиясы болгон учурда гана кароого кабыл алынат.

  9. Рецензенттерге берилген кол жазмалар авторлордун интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана купуя мүнөздөгү маалыматтарды камтый тургандыгы эскертилет. Рецензиялоо купуя жүргүзүлөт. Купуялуулукту бузууга рецензент макалада берилген маалыматтардын ишенимсиздигин же бурмалангандыгын (фальсификациялангандыгын) билдирген учурда гана жол берилет.

  10. Рецензияда төмөнкү аспекттер чагылдырылышы керек:

    • макаланын мазмунунун жарыяланган тематикага шайкештиги;

    • макаланын мазмунунун илимий жетишкендиктердин азыркы деңгээлине шайкештиги жана аны жарыялоонун максатка ылайыктуулугу;

    • макаланын оң жактарын, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жана эскертүүлөрдү көрсөтүү;

    • макаланы ачык басмага сунуштоо же сунуштабоо тууралуу корутунду.

  11. Рецензиялар макалалардын авторлоруна жөнөтүлөт. Журналдын редакциясында рецензиялар учурдагы жыл ичинде сакталат.

  12. Эгер рецензияда макаланы доордоо (кайра иштеп чыгуу) зарылдыгы көрсөтүлсө, кол жазма авторго оңдоолорду киргизүү үчүн кайтарылат. Кайра иштелген макала, эреже катары, ошол эле рецензентке кайрадан рецензиялоого жөнөтүлөт.

  13. Автор рецензенттин жана редакциянын негизделген эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуудан баш тарткан учурда, редакция макаланы четке кагуу укугун өзүндө калтырат.

  14. Рецензенттин корутундусу менен макул болбогон учурда автор редакцияга негизделген жазуу жүзүндөгү жооп берүүгө укуктуу. Макала кайрадан рецензиялоого жөнөтүлүшү же редакциялык коллегиянын кароосуна чыгарылышы мүмкүн.

  15. Рецензиялоодон кийин макаланы жарыялоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу чечимди башкы редактор, ал эми зарыл болгон учурда – редакциялык коллегия кабыл алат.

  16. Оң эксперттик корутунду алган жана жарыялоого сунушталган илимий макала журналдын тематикасына ылайык номерге киргизүү үчүн өткөрүлүп берилет.

  17. Макалаларды кароо мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш.

Журналдын башкы редактору
техника илимдеринин доктору, профессор
И. В. Брякин